• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-августта саат 16:14тө Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 2,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга айылынан түштүккө карай 13 чакырым, Кажы-Сай айылынан түштүк-чыгышка карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан.

Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий