Ысык-Көлдө Жыргалаң суусуна агып кеткен адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Совет айылынын 40 жаштагы А.И., аттуу тургуну ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 1-июнда аталган жарандын минип кеткен аты Зындан айылынан тирүү табылып, бирок өзү дайынсыз болгон.

“Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө жети куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан анын сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришкен”, - деп айтылат маалыматта.

Ал Жыргалаң суусунун агымы шар жерден аты менен өтүп жатып, аттан жыгылып сууга акканы анын өлүмүнө себеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий