Бишкек, 03.01.25. /Кабар/. Бүгүн, 3-январь күнү саат 12:26да Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын Алыбай көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине саат 12:27де ӨКМдин Түп райондук N34 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Кошумча саат 13:02де 2-күжүрмөн эсеп тартылган.
Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында, өрт саат 13:40да өрт чектөөгө алынып, саат 15:28де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн болжолдуу 300 чарчы метр чатыры күйгөн. Жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий