• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ысык-Көл облусунун тургунунун үйүнөн 8,2 кг баӊгизаты жана курал табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун тургунунун үйүнөн 8,2 кг баӊгизаты жана курал табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү Ак-Суу районундагы Отуз-уулу айылынын тургуну 1971-жылы туулган О.М. аттуу жаранды аныкташкан. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда идишке салынган өсүмдүк, ошондой эле 12-калибрдеги мылтык жана 20 даана ок да табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, алынган өсүмдүк, кургатылган марихуана баӊгизатына кирери жана жалпы салмагы таза 8 кг 200 грамм экендиги аныкталды. Ал эми алынган курал ички иштер органында катталбагандыгы белгилүү болду. Бул боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Аталган факт Ысык-Көл ОИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө кызматы тарабынан шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар, же жогу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий