• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Өзбекстанда кылмыш жасап, издөөдө жүргөн Кытай жараны Ошто кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалган.

Бул чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн.

Кытай жараны 44 жаштагы Чж. Д. КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул факты боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий