Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы берилди

Коом 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез жардам пунктунун ачылыш аземинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

Министр өз сөзүндө президент Садыр Жапаров тарабынан саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн жети тез жардам унаасынин бири Тамчы айылындагы Тез жардам көрсөтүү пунктуна берилип жатканын белгиледи.

"Бүгүн биз Тамчы айылдык тез жардам борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз", - деди Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий