• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көл районунда да өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда өзгөчө кырдаалдар режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Белгилей кетсек, кечээ саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган. Учурда жеринде сел кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырга байланыштуу Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Пикир

Оставить комментарий