• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ысык-Көл жана Нарын облустары органикалык айыл чарбасына өтөт

Коом 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ысык-Көл жана Нарын облустарын пилоттук негизде органикалык дыйканчылыкка өткөрүү демилгесин баштады.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул демилге айыл чарбаны туруктуу өнүктүрүүгө, табигый ресурстарды сактоого жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган.

Органикалык өндүрүшкө өтүү айыл чарбанын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтып, продукциянын сапатын жогорулатып, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө шарт түзөт. Бул демилгенин алкагында фермерлер, жарандык коом жана жергиликтүү тургундар менен биргеликте аймактардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган туруктуу айыл чарба моделин иштеп чыгуу боюнча талкуулар өткөрүлөт.

Мындан тышкары, органикалык дыйканчылык климаттык өзгөрүүлөргө адаптацияланууда негизги роль ойнойт. Экологиялык жактан таза ыкмаларды колдонуу жердин деградациясын азайтып, топурактын сууну кармоо жөндөмүн жакшыртып, углеродду топуракта сактоого жардам берет. Бул ыкмалар парниктик газдардын бөлүнүшүн азайтууга өбөлгө түзүп, кургакчылыкка, катуу жаан-чачындарга жана башка климаттык көйгөйлөргө туруктуулукту жогорулатат.

"Бул демилге климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялана алган, узак мөөнөттүү азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, аймактарды экологиялык жана экономикалык туруктуу негизде өнүктүрө алган айыл чарба тармагын түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий