• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ысык-Көл жана Томск облустары кызматташат

Коом 0

Бишкек, 05.10.24. /Кабар/. Ысык-Көл жана Томск облустары кызматташат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл облусунун башчысы Уланбек Далиев жана Томск облусунун губернатору Владимир Мазур соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана 2026-жылга чейин бир катар тармактарда иштерди алып баруу Жол картасына кол коюшту.

Жолугушуу Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун көмөгү менен уюштурулуп, кол коюу аземи видеобайланыш аркылуу өттү.

Документ эки региондун айыл чарба, тамак-аш продукцияларын, ошондой эле ветеринария үчүн дары-дармек препараттарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн, маданият күндөрүн өткөрүүнү кароону, түз авиакаттамдарды ишке киргизүүнүн келечегин изилдөөнү карайт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугунун көмөгү менен Ош, Чүй облустарынын Омск облусу менен, ал эми Баткен облусу менен Новосибирск облусунун ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимдер түзүлгөн болчу.

Учурда Талас облусу менен Алтайдын ортосунда алакаларды арттыруу макулдашуусуна кол коюу маселеси иштелип жатканы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий