• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аламүдүн районунда "Унаа" мекемесинин жаңы сектору ачылды

Коом 0

Бишкек, 12.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-августта Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жаңы сектору ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине "Унаа" мекемесинин директорунун орун басары Н.Ишеналиев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү К.Жумагазиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган сектор жоголгон жана эскирген айдоочулук күбөлүктөрдү калыбына келтирүү, ошондой эле транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо кызматтарын көрсөтөт.

Белгиленгендей, 2023-жылдын башынан бери "Унаа" мекемеси тарабынан республиканын аймактарында 4 жаңы сектор ачылган жана учурда жаңы бөлүмдөрдү ачуу максатында аймактарда талдоо жүргүзүлүүдө.

Сектор Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө айылында, Больничная көч., 41 дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий