• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россиядан Бишкекке эки жаңы аба каттамы ачылды

Коом 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Россиянын Красноярск жана Иркутск шаарларынан Бишкекке жаңы туруктуу авиакаттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Красноярск – Бишкек – Красноярск багыты боюнча жаңы туруктуу авивакаттамын "Россия", ал эми Иркутск – Бишкек – Иркутск каттамын "Урал аба жолдору" авиакомпаниясы аткарат.

Кечээ, 15-июнда Краснояркс шаарынан Бишкекке биринчи каттам менен 85 жүргүнчү учуп келип, Красноярскиге 78 адам учуп кетти. Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 3 саат 30 мүнөт.

Бүгүн, 16-июнда Иркутск шаарынан Бишкекке биринчи каттам менен 96 жүргүнчү учуп келди. Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат. Учуунун убактысы 4 саат.

Пикир

Оставить комментарий