• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысык-Көлдө 21 айылда таза суу курулмалары курулууда

Аймак 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 21 айылда таза суу курулмалары курулууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул иштер калкты ичүүчү суу менен камсыздоо программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.

4 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо объекттеринин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле дагы алты айылда долбоордук-сметалык документтер бүткөрүлүп, мамлекеттик экспертизага тапшырууга даярдалууда.

Чолпон-Ата, Балыкчы жана Каракол шаарларындагы канализациялык тазалоочу курулмаларды куруу иштерине удаа эле, иштеп жаткан канализация системалары реконструкцияланууда. Бул чаралар региондогу экологиялык абалды жакшыртууга жана жашоочуларды ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн жана саркынды сууларды чыгарууну камсыздоого багытталган.

Белгиленгендей, Балыкчы шаарынын канализациялык-тазалоочу курулмасы жакынкы арада пайдаланууга берилет. Анда күнүнө 4200 куб метр саркынды суу тазаланат.

Долбоордун аякташы менен таза суунун жана саркынды суулардын инфраструктурасы бир топ жаңыланат.

Пикир

Оставить комментарий