Ысык-Көлдө “Акыркы коңгуроо” күнү тартипти 300дөн ашык милиция көзөмөлдөйт

Аймак 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Ысык- Көл облусунда “Акыркы коңгуроо” салтанатына болгон даярдыктар жүрүп, коомдук коопсуздукту 320 милиция кызматкерлери көзөмөлдөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Окуу жылынын аякташы менен Ысык-Көл облусунда 192 билим берүү мекемесинде “Акыркы коңгуроо” иш чарасы өтөт. Негизги майрамдык бөлүк 25-майда өтөт. Быйыл облус боюнча 12 миңге жакын бүтүрүүчү бар.

Ысык-Көл облутук ИИБнин коомдук коопсуздук бөлүмү тарабынан “Акыркы коңгуроо” иш чарасын өткөрүү боюнча даярдыктар өз убагында көрүлдү. Облустун аймактык бөлүмдөрүндө коомдук коопсуздукту сактоо үчүн пландар түзүлүп, коомдук тартипти, жол коопсуздугун кароо боюнча күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Облустук ИИБден белгилешкендей, ар бир мектепке милиция кызматкерлери бекитилип, КР ИИМ ПМБнын Ысык-Көл облусу боюнча кызматкерлери ар бир окуу мекемелерине коюлат.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн 320 милиция кызматкери жеке менчик коопсуздукту сактоо уюмдары менен биргеликте иш алып барышат.

Иштин жүрүшүндө коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо максатында билим берүү мекемелериндеги окуучулар, мугалимдер жамааты, башка жумушчулар менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Облустун аймактык ички иштер органдары тарабынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына майрам өткөн аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча тыюу салуу сунушу киргизилди.

Жардыргыч каражаттарды алдын алуу боюнча атайын жабдуулар жана иттер менен текшерүү жүргүзүлөт.

“Акыркы коңгуроо” иш-чарасын өткөрүүдө көзөмөлдөө жана жардам көрсөтүү максатында Ысык-Көл облустук ИИБнын борбордук аппаратынан куратор-башчылары кыдырышат.

Милиция кызматкерлери бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерине бүтүрүүчүлөр коомдук жайларда мас абалында кармалса, милиция кызматкелери административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча протокол түзүшөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий