• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Токтогулда 1,5 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек 14.08.23. /Кабар/. Токтогулда 1,5 тоннага жакын жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунда «МАК-2023» аталышындагы комплекстүү иш-чара өткөрүлүп, жапайы кара куудай өскөн болжол менен 1 гектар 59 сотых жер текшерилген.

"Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан жергиликтүү тургундарга жашап жаткан короосунда өсүп турган жапайы кара куурайдын зыяндуулугу жана пайдаланууга мыйзам тарабынан тыюу салынгандыгын түшүндүрүп, аларды чаап, өрттөп жок кылууну эскертти", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий