• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Таш-Көмүр милициясы тарабынан туруктуу жашаган жери жокторго жардам көрсөтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.20. Кабар. Аба ырайынын суук болуп жаткандыгына байланыштуу кароосуз, туруктуу жашаган жери жок атуулдардын өлүмүнүн алдын алуу максатында 27-январда Таш-Көмүр ШИИБнин кызматкерлери тарабынан рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда шаар аймагында коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка, жоруктарга бөгөт коюу үчүн алгылыктуу алдын алуу жумуштары аткарылды. Бир күндүн ичинде шаар аймагындагы көптөгөн жерлер текшерүүгө алынды.

- Паспорттук эреженин сакталышын көзөмөлдөөдө 300 атуулду камтыгын 97 кожолук текшерилди;

- Каттоодо турган психикалык жактан оорулуу 7 атуул текшерилип, алардын бири Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды;

- Кароосуз, туруктуу жашаган жери жок 1 атуулга жергиликтүү бийлик тарабынан туруктуу жашаганга 1 батирлүү үй берилген. Мындан сырткары, туруктуу жашаган жери жок 2 атуул көчөдө жаткан жеринен медицина кызматкерлери менен биргеликте атайын палаталарга жаткырылып, тийиштүү жардамдар көрсөтүлдү. Көчөдө спирттик ичимдиктерди көп ичип, туруктуу жашаган жери бар 2 атуул Кызыл-Жардагы Республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды.

Пикир

Оставить комментарий