• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Каркыра" көзөмөл-өткөрмө бекети туристтик сезонго даярдыгын көрүүдө - Осмоналиев

Аймак 0

Бишкек, 19.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө бекети туристтик сезонго даярдыгын көрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда "Каркыра" бекети жабык бойдон турат. "Учурда баары этап-этабы менен ачылып жатат. Ал бекетте эми санитардык-карантиндик пост болушу керектелет. Ошондой эле медкызматкер иштеп-жашай турганга шарт түзүлүшү керек. Биз даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз. ӨКМ тарабынан ал жерге 2 үй көчүрүлүүдө. "Каркыра" бекети эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн макулдашуусунун кийин ачылат. Ал эми биздин милдет баарын даярдап коюу", - дейт ал

Пикир

Оставить комментарий