• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кримчөйрөдө "Чыңгыз дөө" каймана ат менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагулов 5 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримчөйрөдө "Чыңгыз дөө" каймана ат менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагуловду 5 жылга эркинен ажыратты.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жумагулов КР Кылмыш кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылды.

Ал эми башка айыпталуучулар М.Тентиев жана И.Айдакеев дагы күнөөлү деп табылып, 13 жылга соттолуп, 190 миң сом айыппул салынды.

Белгилей кетсек, 9-апрель күнү Бишкектеги жеке менчик "Камек" клиникасынын алдына белгисиз бирөөлөр катуу токмоктолуп, эс-учун жоготкон эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Экинчиси алган жаракаттарынан улам кийинки күнү көз жумган. Айрым маалыматтарга ылайык, алардын бирөө У.Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болгон.

Кылмышка шектүү катары 1984-жылкы Т.А, жана 1981-жылкы И.А., аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кармалгандардын экөө тең Чүй облусунун тургундары болгон. Андан соң Ч.Жумагулов кармалган.

Пикир

Оставить комментарий