• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук милициясына Чолпон-Ата шаарынын 55 жаштагы М.Г. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызда чала тааныш 34 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран арыз ээсинин ишеничине кирип, көмүр менен алектенерин айтып, алдоо жолу менен 100 миң сом акчасын банк аркылуу котортуп алганы айтылат.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектүү жаран кармалган. Ал буга чейин ушундай иштерди жасап, кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жумгал районунун Байзак айылынын 34 жаштагы Ж.Т. аттуу тургуну болуп чыккан.

Ысык-Көл районунун сотунун чечими менен шектүүгө карата үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы тандалган.

Пикир

Оставить комментарий