• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМдин облустардагы өрт өчүрүүчү унааларынын паркы жаңыланууда. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын облустарындагы өрт өчүрүүчү унааларынын паркы жаңыланууда.

Алсак, Кыргызстанга Россия Федерациясынан белекке берилген 40 өрт өчүрүүчү автоунаанын жетөө Нарын облусуна бөлүндү. Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгына 2 куткаруучу жана 1 кызматтык автоунаалар берилди.

Ошондой эле Талас облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына 4 заманбап өрт өчүрүүчү техника тапшырылды.

Ал эми ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район-шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө 16 даана HOWO жана 10 даана KAMAZ үлгүсүндөгү жаңы заманбап өрт өчүрүүчү техникалары тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына 18 даана өрт-өчүрүүчү жана 2 даана авариялык-куткаруу автоунаасы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий