Ысык-Көлдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 160 балага жайкы лагер уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын бардык облустарынан 160 балага "Жаш лидерлер Ысык-Көл жээгинде" аталышындагы бир жумалык жайкы лагерь уюштурулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдардын эс алуусу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн "Ассоль" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган.

"Эс алуу учурунда балдарга психология, этика, маданият, актёрдук, вокалдык чеберчилик боюнча сабактар өтүлүп, ысык булактарга түшүү, тоого чыгуу, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештерге катышуу жана башка көптөгөн кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Маданият министрлигинин колдоосу менен А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери лагерге барган балдар үчүн көл жээгинде оюн-зоок көргөзүп өнөр тартуулашса, ошондой эле А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери жана кыргыз эстрадасынын бир катар көрүнүктүү ырчылары балдар менен бирге ырдап, бийлеп майрамдык маанай тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий