Ысык-Көлдө дыйкандар үчүн агросеминар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. 2-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда мөмө-жемиштерди өстүргөн мыкты дыйкан-фермерлер тажрыйбасы менен бөлүшкөн облустук агросеминар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинарда карагат, чычырканак, малина жана кулпунайды өстүрүүдө фермерлер жаңы сортторду отургузууну жана заманбап агро техникаларды колдонууну облустагы кызыктар болгон тургундарга сунушташты.

Семинардын демилгечиси болгон облус башчы Илияз Иманбетов, дыйкан, фермерлер жана кызыктар болгон тургундар менен ой бөлүшүп, облустагы мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн сапатын жакшыртып, көп көлөмдө айдоо менен чет мамлекеттерге экспорттоо жагын колго алуу керектигин айтты.

"Ал үчүн жакынкы арада ушул тармакта мыкты өзүн көрсөтө алган адистер, эксперттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биринчиден облусубуздун ар аймагынан ылайыктуу жерлерди аныктап берип, андан соң сапаттуу көчөттөр менен камсыздаш үчүн каржы булактарын карап бергенге болгон аракетибизди жумшайбыз"-деди Илияз Иманбетов.

Семинардин биринчи бөлүгүндө дыйкан-фермерлер презентациялары көрсөтүшүп, экинчи бөлүгү Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы "Узак-Групп" ЖЧКсы түптөгөн карагат көчөт багында уланды. Ал жерде практика ирээтинде бардыгы дыйкан-фермерлерге көрсөтүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий