Ысык-Көлдө эки жигит салынып бүтө элек комплекстин аймагында көлгө чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө 16-июлда 16 жана 22 жаштагы жигиттер салынып бүтө элек комплекстин аймагына өтүп, көлгө түшөбүз деп сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине облустук милициясы ырастады.

Балдар Барскоон айылынын тургундары болгон.

Тоң райондук милициясынын кызматкерлеринин айтымында, аталган аймак кооптуу болуп, “Сууда сүзүүгө тыюу салынат” деген эскертүү белги болгон.

Пикир

Оставить комментарий