Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттар жабылды – тизме

Аймак 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, мындай чечим Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо үчүн тез арада кийлигишүү зарылдыгынан улам келип чыккан.

Кыргызстандын негизги жаратылыш байлыктарынын бири болгон Ысык-Көлдө бир катар пансионаттар экологиялык нормаларды сактабагандыктан көлдү булгануу коркунучунда турат. Мониторингдин жүрүшүндө көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттардын тизмеси:

  • «Дальний Кардон» пансионаты – Семёновка айылы;
  • «Смена» пансионаты – Корумду айылы;
  • «Белек» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Золотой пески» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Взморье Сити» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Асыл-Таш» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Ой-Керемет» пансионаты – Кош-Көл айылы;
  • «Золотой-Требас» пансионаты – Кош-Көл айылы;
  • «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору - Тору-Айгыр айылы;
  • «Кооператор» пансионаты – Чок-Тал айылы;
  • «Чолпон-Ата» эс алуу үйү – Чолпон-Ата шаары;
  • «А. Чалжанов» конок үйү - Бактуу-Дөлөнөтү айылы.

Тыюу салуу үчүн негиздер:

Аталган пансионаттар тарабынан экологиялык нормалардын одоно бузулушу аныкталган. Бул мыйзам бузуулар белгиленген стандарттарга жооп бербестен, Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылыш аймагынын келечегине коркунуч туудурат.

Бул тизмедеги кээ бир пансионаттар тазалоочу жайларды курууга киришти. Мыйзам бузуулар жоюлгандыктан, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берет.

Аракеттер:

Жергиликтүү бийликтер тыюунун сакталышын катуу көзөмөлгө алып, экологиялык абалга, анын ичинде Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң шаарларында жана Түп райондорунда мониторинг жүргүзүүнү улантат. Нормаларды бузган пансионаттар аныкталган бузууларды жоюу жана өз ишин мыйзамга ылайык келтирүү боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү.

Биз пансионаттардын бардык ээлерин жана операторлорун белгиленген экологиялык стандарттарды сактоого жана Ысык-Көлдүн уникалдуу жаратылышын сактоого жигердүү салым кошууга чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий