• 87
  • 90.59
  • 0.87

Ысык-Көлдө экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган илимий-практикалык конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде Ысык-Көл облусунун 2025-2035-жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү стратегиясынын бет ачарынын алкагында илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана коомдук уюмдар катышты.

Презентация учурунда стратегиядагы экологиялык туруктуулукту сактап, туризмди, өнөр жайды жана айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле экология, инвестиция жана экономикалык өсүшкө багытталган долбоорлор талкууланды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев экологияга аяр мамиле жасоо менен бирге инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маанилүү экендигин белгиледи.

"Бул стратегия аймактын экологиялык туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикалык өсүштү бирдей колдоого багытталган. Туризмди өнүктүрүү жана өндүрүштү кеңейтүү менен биз жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга шарт түзөбүз. Алдыда турган чоң максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн биз эл аралык өнөктөштөр жана инвесторлор менен тыгыз кызматташууга даярбыз", - деди облус башчы.

Пикир

Оставить комментарий