• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көлдөгү Чоң-Ашуу ашуусундагы жылытуу пунктунун кышка даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү Чоң-Ашуу ашуусундагы жылытуу пунктунун кышка даярдыгы текшерилди.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, күз-кыш мезгилге карата Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Каракол-Эңилчек унаа жолун тейлеген ДЭУ-11 ишканасынын Чоң-Ашуу ашуусундагы жылытуу пунктунун даярдыгынан кабар алынды.

Анда ишкананын инженердик техникаларынын иш алып барууга камылгасы, күйүүчү-майлоочу майлар жана отун-суу менен камсыз болушу, сапарын токтотууга мажбур болгон жарандарды кабыл алуу мүнкүнчүлүктөрү текшерилди.

Аталган жылытуу пунктунда жарандар жылуу төшөк, тамак-аш менен камсыздалып, бороон-чапкын жана кар көчкү түшкөн учурларда коопсуз орун ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий