• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү мүрзөдөгү жарым-жылаңач кыздын сүрөтү: Милиция юридикалык баа берет

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Милиция Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги мүрзөдө жарым-жылаңач кыз менен болгон фотосессияга юридикалык баа берет. Бул тууралуу "Кабарга" облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Укук коргоо органдары сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Бул факт Тоң райондук милицияда катталды. Териштирүү иштери жүрүүдө.

Сүрөт 2008-жылы Кажы-Сайда тартылганы айтылат.

Сүрөттүн автору Артур Болжуров. Ал сүрөттү өзүнүн Facebook'дагы баракчасына 2-февралда чыгарып: "Аты жок. 2008. Биринчи жолу чыгарып атам", – деп жазган.

Бул сүрөт социалдык тармакта чуу жаратып, көпчүлүк колдонуучулар автор менен моделдин дарегине сын-пикир жазып, сүрөттү өчүрүп салууну талап кылышкан.

Кийин Артур Болжуров сүрөттү Facebook'дагы баракчасынан өчүрүп койгон.

Артур Болжуров Kaktus.media порталына берген маегинде, сүрөттөрдү искусство үчүн тартканын билдирип, "бул фотошоп" деген божомолдорду четке кагып, сүрөттөр чын эле мүрзөдө тартылганын айтты.

Пикир

Оставить комментарий