• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

МСК: Жеке ишкерлер январдан тартып салык отчетторун электрондук түрдө тапшырат

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тартып Salyk.kg сайтынан "жеке кабинети" аркылуу салык отчетторун электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө тапшырууга өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Буга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы жеке ишкерлерди отчет тапшыруу үчүн Salyk.kg сайтынан «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга чакырат.

Толук маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий