• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ысык-Көлдөгү сел. Эки күндө 159 үй сел калдыгынан тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө эки күндө 159 үй сел калдыгынан толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл районунда селдин кесепетин жоюу иштерине жалпы 1058 адам, 85 атайын техника тартылган.

2 күндүн ичинде 159 үй сел калдыктарынан толук тазаланды. Бүгүн да тазалоо иштери улантылат.

Белгилей кетсек, 18-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон топтолуп түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарын каптаган болчу.

Пикир

Оставить комментарий