• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдөгү сел: Миңден ашык адам кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерин улантууга жалпы 1048 адам, 77 атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен ӨКМден 385 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа иштеп жатат.

Мындан сырткары, Жарандык коргонуу кызматтарынан 363 кызматкер жана 47 инженердик техника, 3 ассенизатор, Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, “Чайна-Роуд” ишканасынан 27 инженердик техника, 27 кызматкер иш алып барууда.

Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов көзөмөл жүргүзүп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий