• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдөгү сел: Тоң районунун Ак-Сай айылындагы турак үйлөр толук тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Сай айылындагы сел суулары кирген турак үйлөр толук тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Күн мурун жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Тоң районунун Ак-Сай айылындагы турак үйлөргө кирген.

Жерине түнү менен ӨКМдин куткаруучулары, жергиликтүү тургундар жана атайын техникалар тартылып, селдин кесепеттерин жоюу жумуштары жүргүзүлдү.

Маалыматтар боюнча, жалпысынан суу каптаган 30 үйдүн онунун жер төлөсүнө суу кирген. Аталган он турак үй таңкы саат 05:30да толук тазаланып бүткөрүлгөн. Калган турак үйлөрдүн кооросуна кирген суулар жерге синип кеткен.

Учурда ӨКМ кызматкерлеринен жана Жарандык коргонуу кызматтарынан түзүлгөн комиссия кошумча тактоо иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Пикир

Оставить комментарий