• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжай райондук милициясы Өзбекстан менен чектешкен аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кадамжай районунун аймагында “COVID-19” илдетин алдын алуу максатында милиция кызматкерлери Өзбекстан менен чектешкен аймактарда күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы милиция кызматкерлери район аймагындагы анклавдарга Өзбекстандан келген жардамдар, азык-түлүктөр биздин аймактан тоскоолдуксуз өтүп кетүүсүн камсыздап берүүдө. Ал эми Ош, Бишкек шаарынан келген Баткен, Лейлек райондорунун жарандарын Үч-Коргон санитардык-карантиндик постунан чогултуп, атайын автоунааларды уюштуруп, Баткен районунун аймагына тоскоолдуксуз жеткирип жатышат.

“Ошондой эле чек арага жакын аймактарда Кадамжай РИИБинин көчмө кабылдамасы катуу үн чыгаруучу каражаттар менен элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Мындан сырткары жөө кайгуул күзөттөрү уюштурулуп, милиция кызматкерлери район аймагындагы жарандардын кылмыштуулуктун, бузуулардын алдын алуу, өзгөчө кылдаалдын талаптарын бузбоону түшүндүрүү максатында санитардык эрежелерин сактоо эскертилүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Кадамжай району Өзбекстандын Риштан, Фергана, Сох, Алты-Арык райондору жана Кувайсай шаары менен чектешип турат. Ал эми район аймагында Таш-Төбө, Сох, Жигит-Пирим, Шахимардан анклавдары жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий