• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектин атмосфералык абасынын булгануусунун абалы боюнча маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 23-апрель жана 24-апрелдин саат 10:00гѳ карата Кыргызгидромет Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын булгануусунун абалы боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, автоматтык станциянын маалыматы боюнча 23-апрелде Бишкек шаарынын атмосфералык абанын булгануусу салыштырмалуу төмөн деңгээлде болду:

• Көмүртек кычкылы - 2,77 мг/м3 (ЧДКо.с. 3,0 мг/м3);

• Азот кычкылы - 16,74 мкг/м3 (ЧДКо.с. 60,0 мкг/м3);

• Азот кошкычкылы -7,50 мкг/м3 (ЧДКо.с. 40,0 мкг/м3);

• Күкүрт кошкычкылы- 9,28 мкг/м3 (ЧДКо.с. 50,0 мкг/м3);

• РМ2,5 катуу бѳлүкчѳлѳр - 6 мкг/м3 (ЧДКо.с. 35,0 мкг/м3).

Белгилей кетсек, ЧДКо.с. – орточо суткалык чектүү деӊгээлдеги концентрациясы. "Кирдетүүчү заттардын концентрациялары бүгүн эртеӊ мененки саат 10:00дө белгиленген нормативдерден ашкан жок", - деп айтылат маалыматта. Эскертүү: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө КРнын мыйзамына ылайык, Кыргызгидромет атмосфералык абанын булгануусуна байкоо жүргүзөт жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты жеткирип турат.

Пикир

Оставить комментарий