• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдөгү сел: Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы жолдордо каттам ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы унаа жолдорунда селден кийин тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл районунун Григорьевка – Көл – Кашка-Суу жана Корумду – Кум-Бел унаа жолдорунда каттам убактылуу жабык, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Учурда №7, №33 Жол эксплуатациялоо ишканалары тарабынан тазалоо иштери уланып жатат.

Белгилей кетсек, күн мурун аталган аймакта катуу жааган жаандын кесепетинен кээ бир жолдордо каттам чектелген болчу.

Пикир

Оставить комментарий