• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Баткенде 100гө жакын кыргыз-тажик жашоочулары ооз ачарга чогулушту

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун чек аралаш айылдарынын тургундары жана Тажикстандын Гафуров районунун жашоочулары биргеликте ооз ачарга чогулушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки тараптын элдери демилгелеген ооз ачарга Лейлек жана Гафуров райондорунун акимдери менен бирге күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, жалпысынан 100гө жакын адам келди.

"Ушундай эле иш-чара Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын, эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда да өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган иш-чарада коңшу кыргыз-тажик айылдарынын тургундары Орозо айында Жараткандан жакшылыкты, биримдикти жана тынчтыкты тилеп дуба кылышты.

Пикир

Оставить комментарий