• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдөгү селден кийин 276 турак жай тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп, 25 үй тазаланды. Муну менен толук тазаланган үйлөрдүн саны 276га жетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иштерине жалпы 927 адам, 66 инженердик техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа, 4 ассенизатор, 66 атайын техника, 3 өрт өчүрүүчү унаа, 8 мотопомпа тартылды.

Сел калдыктарынан арылтуу иштери бүгүн да улантылат.

Белгилей кетсек, 18-августта жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир айылдарын сел суулары каптаган. Анда турак үйлөр, социалдык мекемелер жана эс алуу жайлары жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий