Ысык-Көлдө ИИМдин аймактык бөлүмчөлөрүнүн имараттарынын курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар/. Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн Ананьево, Барскоон, Дархан жана Пристань-Пржевальск айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн имараттарынын курулушуна капсула салынды.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов жана өздүк курамы катышты.

Жаңы имараттарды куруу иш-чаралары, аймактагы коопсуздукту жана жашоочулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн маанилүү саамалык болуп саналат.

Маалыматта белгиленгендей, курулуш толугу менен Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланат.

Ички иштер министрлиги өз кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун жогорулатуу боюнча жигердүү иштерди улантууда.

Белгилей кетсек, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата курулушту аяктоо жана жаңы имараттарды пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий