Ысык-Көлдө суучулдарга атайын шаймандар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №31 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамынын потенциалын жогорулатуу максатында атайын 2 комплект суучулдардын шаймандарын жана селдин кесепеттерин жоюуга 1 мотопомпа берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, шаймандар районду өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен алынган.

Аталган каражаттардын жалпы баасы 597 мин 900 сомду түзүп, суучулдардын атайы суу алдында сүзүүгө ылайыкталган кийимдери менен жабдыктары алынган. Бул кийимдер адам өмүрүн коргоо иштерин уюштурууга жана суу алдында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов куткаруучуларга суу шаймандарын, жабдыктарын тапшырып жатып, алардын кесиптик жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, потенциалын чыңдоого жардам берерине ишенерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий