Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын 6-жыйыны тар жана кеңейтилген курамда болуп өттү.
Алгач Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Түркмөнстандын энергетика министри, делегация башчысы Аннагелди Сапаровдун тар курамдагы жолугушуусу болуп, анын күн тартибине кирген кыргыз-түркмөн мамилелеринин актуалдуу маселелери кенен талкууланды.
Андан соң комиссиянын отуруму кеңейтилген курамда уланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода жүгүртүү акыркы төрт жылда 7 эсеге жогорулаганын белгилешип, аны мындан ары дагы жогорулатууга токтолушту, маселен 2023-жылы эки өлкө ортосундагы соода алака 64 млн долларды түзгөн.
Бул контекстте минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, эки өлкөнүн мамлекеттик органдары биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү жана ишкер чөйрөлөргө максималдуу колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
“Ошондой эле, электрондук коммерция тармагында соода инфраструктурасын жана почта операцияларын өнүктүрүү максатында Түркмөнстанда бондалык аймакты ачуу маселесин биргелешип иштеп чыгууну сунуштайм. Мындан тышкары, Түркмөнстандын аймагы аркылуу эл аралык жүк ташуулары үчүн Кыргызстандын жүк ташуучуларына колдонулуучу төлөмдөр боюнча жеңилдетилген тарифтерди берүү, ошондой эле кыргызстандык айдоочуларга карата визалык саясатты жөнөкөйлөтүү соода алмашууну кеңейтүүгө олуттуу көмөктөшмөк”, - деди Бакыт Төрөбаев.
Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын географиялык жайгашуусунан улам транспорт жана логистикалык сектордо олуттуу потенциалга ээ экенин белгилешти. Бул багытта маселен, Кытайдан Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу, андан ары Түркмөнстанда транспорт коридорун ишке киргизүү менен “Түркмөнбашы” деңиз портунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Каспий деңизине, андан ары Россия Федерациясына чыгуу эки өлкө үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалашты.
Мындан тышкары тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкер чөйрөлөрүн бириктирүүнүн, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүнү стимулдаштыруунун механизмдеринин бири катары Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча иштерди улантууну зарылдыгын белгилешти.
Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда экономиканын негизги тармактарынын бири – жеңил өнөр жай экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду аныктоо боюнча мындан аркы чараларды көрүү зарылдыгын кошумчалады.
“Түркмөнстан дүйнөлүк рынокто сатылып жаткан жогорку сапаттагы текстиль буюмдарын өндүрүүчү экенин эске алып, түркмөн текстилин Кыргызстандын тигүү өнөр жайында колдонууну сунуштайм. Ошондой эле айыл чарба тармагында алдыңкы технологиялар боюнча жана тажрыйба алмашууну, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну улантууну, мал чарбасы боюнча да кызматташууну сунуштайбыз”, - деди минкаб төрагасынын орун басары.
Отурумдун жүрүшүндө тараптар Ысык-Көл облусунда Түркмөнстандын курорттук эс алуу жайын куруу боюнча макулдашуунун алкагындагы ишти алдыга жылдыруу, гидроэнергетикалык, саламаттык сактоо, билим берүү, маданий тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана башка буга чейин жетишилген келишимдердин айланасындагы маселелер тууралуу сүйлөштү.
Өз кезегинде Түркмөнстандын энергетика министри Аннагелди Сапаров, Кыргызстан менен Түркмөнстанды эки элдин тарыхый, маданий, руханий жана тилдик жалпылыгынан улам бекем достук жана бир туугандык байлайныштар бириктирип турарын айтып, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк болгону үчүн, ошондой эле кыргыз-түркмөн мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишенерин билдирди.
Ошондой эле, энергетика, транспорт, соода-экономикалык жана туризм тармактарында кызматташуу боюнча эки тараптын тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин баяндамалары угулду.
Кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиянын 6-отурумунун соңунда жыйынтыктоочу Протоколго коюлду, ошондой эле 2025-жылы Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо боюнча кол коюлган документтерди алмашуу аземи болду.
Пикир
Оставить комментарий