• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Акылбек Жапаров иш сапары Ташкентке учуп кетти. Делегациянын курамы

Өкмөт 0

Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров иш сапары менен Ташкентке учуп кетти.

Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында III Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйынына катышат.

Делегациянын курамы:

- КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев;

- КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев;

- энергетика министри Таалайбек Ибраев;

- Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев;

- ппрезиденттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев;

- президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев;

- юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова;

- тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов;

- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары ;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова;

- транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев;

- экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов;

- Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жибек Абдуллаева;

- Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков.

Пикир

Оставить комментарий