• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Казакстан ӨКМдеринин биргелешкен коллегиясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кыргызстан менен Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин биргелешкен VI коллегиясы өтүүдө. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгиленгендей, траптардын коллегиясы 15-август күнү өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун регионалдык форумунун алкагында уюштурулган.

Министр Бообек Ажикеев казакстандык кесиптеши Чингис Аринов баштаган атайын делегацияны жылуу тосуп алып, боордош эки элдин кылымдан бери келе жаткан бир туугандык мамилеси, ар түрдүү кырдаалдарда бири-бирине көрсөткөн колдоосу баа жеткис экенин баса белгиледи.

Ал эми коллегиянын жүрүшүндө тараптар табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Белгилей кетсек, 2009-жылы эки өлкөнүн ортосунда табигый жана техногендик кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюуда биргелешип туруштук берүү максатында макулдашууга кол коюлган. Анын негизинде эки өлкөдөгү ири жана трансчекаралык мүнөздөгү кырсыктардын кесепеттерин бергелешип жоюу, авариялык-куткаруу, техникалык жана материалдык ресурс жагынан колдоо көрсөтүү, тажрыйба алмашуу максатында машыгууларды өткөрүү өңдүү стратегиялык маанилүү багыттар камтылган.

Пикир

Оставить комментарий