Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери сел жүргөн аймактарда жергиликтүү тургундарга жардам беришти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун саат 23:00 чамасында Ысык-Көл районунун Корумду айылы менен Булан-Сөгөтү айылынын ортосунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйдүн короо-жайын каптаган. Анын натыйжасында жергиликтүү тургундар өз алдынча коопсуз жайга чыгууга мүмкүн болгон эмес.
Ошол маалда сел жүргөн аймакта кызмат өтөп жүргөн Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери дароо жогорудагы үйгө жардамга келишип, жашоочуларды коопсуз жайга чыгууга жардам беришкен.
Пикир
Оставить комментарий