• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Сузак районунун Чөкө-Дөбө айылында окуу борборунун курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 24.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда Сузак районунун Чөкө-Дөбө айылында жаңы окуу борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, курулушка демөөрчүлүк кылган "Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын" өкүлү, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Борбордун курулушуна айыл өкмөтү тарабынан 50 сотых жер тилкеси ажыратылып берилген. Анда 200 орунду мектеп, мечит, ФАП жана дүкөн салынмакчы.

Облус башчысы курулуш жайы жергиликтүү жашоочулардын муктаждыктарын эске алуу менен тандалганын айтты. Комплексттин курулушу аяктаса, азыркы учурда айылдын алыска аралыкка барып билим алып жаткан окуучулары үчүн ыңгайлуу шарт жаралаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий