• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктештирилген 8 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Коом 0


Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда баасы 7,8 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ак-Суу районундагы 1,43 гектар жер мамлекетке кайтарылды.

Маалым болгондой, 2000-жылдын башында КР жараны О.Э. Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрү аркылуу "Авто-техсервис" ишканасынын 1,43 га аянттагы жер тилкесин айрым документтерди жасалмалоо жолу аркылуу жеке менчикке алган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында О.Э. аттуу жаран тарабынан документтерди бурмалоо фактысы аныкталып, базар баасы 7 млн 830 миң сомду түзгөн "Авто-Техсервис" ишканасынын административдик имараты менен 1,43 га жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий