Бишкек, 14.09.18 /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда саат 04:15те Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүүлөр Тон районундагы Туура-Суу,Темир-Канат, Бөкөнбаев, Төрт-Көл, Кажы-Сай айылдарында 4 баллга сезилген. Ал эми Тогуз-Булак, Тамга жана Дөң-Талаа айылдарында 3 баллга жеткен. Такталган маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий