Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Ананьево айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-декабрда саат 20:36да Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын Алма-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 20:38ден тарта 3 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 22:12де чектөөгө алынып, саат 23:45те толук өчүрүлдү.
Куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам турак үйгө жанаша жайгашкан курулуштар жана үйдүн 500 чарчы метри сакталып калган. Ал эми өрттүн кесепетинен үйдүн 200 чарчы метри күйгөн.
Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий