Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Сару айылында жаңы сейил бакча курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, эскиздик долбоору Жети-Өгүз районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Учурда курулуш иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий