• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Акыркы үч жылда Нарын облусундагы 253 объект 2,2 млрд сомго каржыланды

Аймак 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Акыркы үч жылда Нарын облусундагы 253 объект 2,2 млрд сомго каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 100-жылдыгына карата Нарын облусунда өткөрүлгөн иш-чарада финансы министринин орун басары Улугбек Календеров билдирди.

Ал белгилегендей, 2023-жылы региондорду өнүктүрүү фонддоруна 2,4 млрд сом каржыланган. Ал эми капиталдык салымдар беренеси аркылуу Нарын облусуна республикалык бюджеттен акыркы үч жылда 2,2 млрд сомго 253 объект каржыланган. 32 объект толугу менен бүткөрүлүп, 15 мектеп ишке берилген.

Мындан тышкары, “Дем берүүчү гранттар” беренесине 2024-жылга дагы 1,5 млрд сом каралып, анын ичинен Нарын облусу боюнча 117,4 млн сомго 43 долбоор каржылоого алынганы айтылды.

“Мамлекеттик тышкы инвестициялардын алкагында Нарын облусунда 13 долбоор ишке ашырылууда, алардын жалпы суммасы 401,6 АКШ долларын түзөт. Эл аралык финансы уюмдар тарабынан тартылган инвестициялар транспорт, суу жана айыл чарба тармактарына багытталган”, - деп кошумчалады Календеров.

Пикир

Оставить комментарий