• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдүн сел жүргөн аймактарында изилдөө иштери жүргүзүлүүдө – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы катталган сел процесстерине жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 18-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон топтолуп түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарын каптаган.

Учурда ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жеринде кечиктирилгис визуалдык жана аэровизуалдык изилдөө иштерин атайын шаймандар менен жүргүзүп жатышат.

Изилдөөнүн жыйынтыгында болуп өткөн кырсыктын кесепеттерин жоюу жана мындан ары болтурбоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүүү ишканаларга кечиктирилгис иш алып баруу үчүн тиешелүү сунуштар берилет.

Пикир

Оставить комментарий