Ысык-Көлдүн тоолорунда тик учактан жабыркагандар Бишкекке алынып келинди

Кырсык 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Түштүк-Эңилчек аймагындагы кыйроого учураган тик учактын кесепетинен жабыркаган төрт адам Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу КР Абадан коргонуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар Абадан коргонуу күчтөрүнүн МИ-8 МИТ тик учагы менен алынып келинген.

“Жабыркагандардын абалы туруктуу, шаарга келгенден кийин бардык керектүү жардамды алышып, Бишкек шаарындагы ооруканаларга жаткырылды. Куткаруу иштерине Казакстандын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар департаментинин тик учагы дагы тартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун Түштүк-Эңилчек аймагында тик учак кырсыкка учураган. Учак катуу шамалдын айынан конуу маалында сол капталына кулап калган. Алдын ала маалыматка ылайык, 4 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий