• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кечээ, 27-майда саат 22:21де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришкенин ӨКМ жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 3 балл, Чоң-Дөбө, Лама айылдарында 2,5 балл, Куйручук айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий